Улукбек Кочкоровго кылмыш иши козголду

2571

Бул тууралуу жактоочу Бакыт Жумашев билдирди. Анын айтымында Улукбек Кочкоров суракка келбей жатыптыр.
«Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри өзүнүн кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн милиция кылмыш ишин козгогон. Себеби ал Бишкектеги карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаеваны мыйзамсыз
жумуштан кетирген. Министрдин аракети соттун үч инстанциясы тарабынан тең мыйзамсыз деп табылган. Ошондой эле мамлекетке дагы зыян келтирген. Себеби Эркингүл Абдылдаеванын ушуга чейинки айлык акысы мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Ошондой эле Улукбек Кочкоровдун үстүнөн козголгон «көз боёмочулук» беренеси боюнча кылмыш иши бар. Бирок ал сурак берүүгө келбей, тергөөнү создуктуруп жатат, -дейт Бакыт Жумашев.