Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 979 млн куб метрди түздү

18

 Бүгүн, 2-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 979 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 198 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.