Тагдыр: «Мен күйөөмдөн өч алыш үчүн,анын иниси менен жатып алдым»

411

Жашоомду өзгөрткөн бул чоң бурулуш  биздун үй-бүлөбүз менен туулуп өскөн жерибизден,апамдын жумушунан кырсык , банкрот болуп белчебизден карызга батып, Кантка келип мен 9-класстан мектепти таштаганда башталды. Биз Кантта үй фермада баарыбыз иштеп жүрдүк. Арадан күндөр өтүп биз иштеген жакка практиканттар келди .Көп балдардын арасынан Аскат аттуу жигит менен тааныштым. Мен аны ага катары көрчүмүн. Анан ал бир күнү айылына кетти .Телефон чалып турду. Бир күнү мага смс жазды (жакттырып калдым мага турмушка чыгасынбы?)-деп. Мен тамашалап ООБА деп жооп берип койдум.Ошентип менин тамашам тамаша экени айтылбай чынга айланып ал менин жигитим болуп калды. Жакшы сөз жылуу мамилеге суусап турганда ал мени бат эле арбап алды. Бирок менде эч эле сүйүү деген сезим болгон жок. Ал мени алам деп жүрдү жолугалы дейт бирок кайдан мен жумуштан бошобойм. Анан бир күнү жолугуп көпкө сүйлөшүп турдук .Кеч болуп калганда мен кирейин десем жибербей колумдан тартып,кучактап кармалап берчи деп жалдырап, жулкулдатып күчкө салып кыздыгымды алып койду. Туруп алып кечирип койчу өзүмдү кармай албай калдым мен сени таштабайм, эч кимге кор кылбайм деп жалдырап жалынып атып үйүнө кетти. Ачыгын айтканда ошол күнү менин көңүлүм сууп турмушка чыгам деген оюмдан кайттым. Ошентип өз тагдырыма өзүм балта чаптым. Ошол күндөн кийин мен жумушка да барган жокмун бир ай элге көрүнбөй үйдө жатып кийин тайэжемдикине кетип калдым. Анан жумуш таап иштеп акча чогултуп швея курс окуп иштей баштадым. Мен ошо кыздыгымды алдырган күндөн баштап мени эми эч ким албайт деп артымдан чуркаган жигиттерге ачык айттып өз жолуна салып жүрдүм. Кийин ××××× деген мырза менен тааныштым курбум аркылуу. Анан жашоо экен да ал буга чейин үйлөнгөн жана эки баласы бар экен аны билсемда мен аны менен сүйүшүп жүрдүм. Анан мен 11 жаш кичүү болсом да мен өзүмдү ошол эки балалуу адамга татыктуумун мени башка эч ким албайт деп ага турмушка чыгууну чечтим. Кыргызча эле баш коштук.

Күндөр отуп мен аны тааный баштадым досторун дегендей… Досторунун арасынан бирөө бузуку чыгып күйөөмдү бузуп жүрдү көп эле, мен да акыры жиним келип сабырым түгөнүп,мен да анын иниси менен жатып алдым.Өч алгым келди,анан андан кийин мен күйөөмдүн  досунун аялына айттым ортодо чоң уруш чыкты. Күйөөм мени жаман көрүп  тиги бузукунун сөзүнө кирип алып ар кайсыны айтып жүрдү. Арасында мага жалап сен деп бир тууган иниси менен качан жатып жүрөсүн деп сурады. Ошол сөз мага аябай катуу тийди мен ошондо кетип калат элем бирок ай күнүм жетип торор алдында элем.Апам чыда балаң үчүн деп калтырып койду.
Төрөдүм төрөт үйдөн чыгарганга келген жок.Өзүмдүн ата -энем чыгарып кетти. Анан кайра эле апам бала үчүн жаша деп жиберип койду.  Эми эмне кылсам болот ???