Порно кино менен кумарын кандырган күйөөм менен жашагым келбейт

1600

Жолдошум жакшы күйөө, камкор ата, табышкер эркек бирок бир гана жери ал акыркы үч жылдан бери бир чатырда чогуу корголосок да виртуалдуу жашоого берилип кетти. Канча аракет кылбайын майнап чыкпай жатат. Кандай кылсам аны виртуалдуу жашоодон чыгарам. Кээде аны менен бирге жашоо менин өмүрпүмө да коркунуч жаралгансыйт.
Биз жолдошум экөөбүз он жети жыл мурун бири-бирибизди жактырышып, чоң сүйүү менен кол кармашканбыз. Өртобузда үч балабыз бар. Эки уулум өспүрүм ал эми үчүнчүсү үч жашка чыкты. Балдарга карап соода тармагына кирип кеткем. Тапканым жакшы. Жолдошум болсо блогер-программист, кесиби боюнча журналист болуп иштеген. Азыр үйдө отуруп эле интернет аркылуу иштейт. Жакшы табат. Үй бүлөлүк кирешенин негизги бөлүгүн жодошум табат. Коомдо аты таанылган, өз ишин мыкты билген адам. Бирок үч жылдан бери аны менен жашагым келбейт. Анткени ал күн –түн порнокинолорду көрүп, өзүн иш бөлмөсүндө канааттандырып калды. Бул көрүнүштү убактылуу деп ойлодум эле көрсө андай эмес экен.
Алгач браузерден понро кинолордун тизмеси чыкса 12 жаштагы уулум көрүп жаткан экен деп аябай кабатырланып аны урушканга чейин бардым. Бул кылыгым уулума катуу тийип эки айдан ашуун интернетке кирбей калды. Бирок браузерден порно кинолор тизмеси чыга берди. Кийинчерээк күйөөм көрүп жатканын байкап курбума айтсам. Ал каамарабай туруп бардык эркектер көрөрүн айтты. Убакыттын өтүшү менен жолдошум баягысын көбөйтө баштады. Банк картасынын мобидик банкинг аркылуу текшерсем ошондой порно сайттарга 50 000 чейин акча которуптур. Ал эми кабелдик телевидениеге ошондой канал коштуруп ага 10 000 төлөйт экен. Буга кандай түшүнсөм болот. Үч жылдан бери тапканын жарымын порно сайттарга жумшап, иш кабинетинде уктап калды. Күйөө катары жаныма жатып мага көңүл бөүү деген таптакыр жок болуп калды. Анын кыялында жапжаш веб моделдер, порно кинодогу жылаңач актрисалар болуп калды. Ал аялдардын жанында үчтү төрөгөн жөнөкөй аялмын. Канча жолу түшүндүрүүгө аракет кылдым аягы уруш менен бүтчү болду. Жолдошум болсо: “Ичпейм, чекпейм, баарын камсыздап жатам. Дагы эмне керек? Каалаганымды кылсам болбойт бекен же мени башкаргың келип жатабы?”- деп чоң чыр чыгарып турат. Айлем кетип калды. Кээде анын иш бөлмөсүнө кире турган болсом эшикти сөзсүз кагам. Анткени аны мен иш бөлмөсүндө жарым жылаңач виртуалдуу кумарга батып отурганын көргүм келбейт.
Татына