ВИДЕО – Курсан Асановдун тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты

991

Бүгүн, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапкерлери 2-ноябрда жөө жүрүшкө чыгышып, аны абактан бошотууну талап кылышты.

Чогулгандар «Курсан Асановдон колуңду тарт!», «Элдик генералга боштондук!» деген сыяктуу жазууларды алып чыгышты.

Курсан Асановдун тарапташтарынын айтымында ал мыйзамсыз камакта жатат. Асановго карата “массалык башаламандык уюштуруу” деген кине коюлууда. Ал эми бул айып суу кечпейт, Асановго бул кинени канча чапташтырса дагы жабышпайт. Себеби, Курсан Асанов эч кандай башаламандык уюштурган эмес, шайлоонун ыплас өткөндүгүнө байланыштуу шайлоого катышкан 13 партиянын лидерлери, шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес жарандар шайлоодон кийин нааразычылык акциясын уюштурушкан. Бул нааразычылык акцияга шайлоодо жеңишке жеткен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен Курсан Асанов барышып, шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин, шайлоо жокко чыгарылса кош колдоп колдошоорун билдирип кетишкен.

Тагыраагы, Курсан Асанов болуп жаткан митингге келип, жарандык позициясын билдирип кетип жатпайбы? Анан Асановго “массалык башаламандык уюштуруу” фактысы менен иш козгогону логикага сыябы? Андай болсо ошол 13 партиянын лидерлерин баш кылып, аянтка чыккан 10 миң адамды төш кылып камабайбы? Акыйкаттык деген болуш керек да, туурабы? Ооба, Курсан Асановду ызы-чуудан кийин жан кирип, кайра тирилген Жээнбековдун бийлиги каматканга үлгүрдү. Акыры Жээнбековдун бийлиги урап, жаңы бийлик келди. Азыркы бийлик башчысы Садыр Жапаров саясий куугунтуктун азабын жакшы эле көрдү. Андыктан ак жеринен камакка алынган Курсан Асановду бошотушу абзел. Эгерде чындыкка карай жол тарткан болсо.

Ошол Курсан Асанов ж.б лидерлердин 5-октябрда катуу турганынын арты менен Садыр Жапаров абактан бошоп чыкканы ачык факт да, туурабы? Анын үстүнө Асанов 5-6 октябрда күч түзүмдөрүнүн координатору катары алгылыктуу иштеп, өлкөнү талап-тоноодон сактап калды. Жөн эле жумурткадан кыр издей бербей, Асановду абактан бошотуу учурдун талабы.

12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакка алган. Ал 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган эле. Асанов УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.