БАКТЫБЕК КАЛМАМАТОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО АТТАНУУДА. АЯГЫНА ЧЕЙИН БАРАБЫ?

693

Мурдагы “атамекенчи” депутат Бактыбек Калмаматов каражат маселесин чечип, президенттик шайлоого чыгууга даярданууда. Кызыгы, мындай шартта башка саясый күчтөр кызыгышып, азгырууга далалат кылышканын эшиттик. Бекем тура алабы? Айтмакчы, ал буга чейин Сооронбай Жээнбековдун бийлигине ачык каршы чыгып, ачуу сындарды айтуу менен коомчулуктун көңүлүн бурдурган. Эске салсак, 2015-2020-жылдардагы парламенттик шайлоолорго Бактыбек Калмаматов катышкан эмес. Башка саясатчылардай белчесине чейин баткакка батып, булганган жайы жок. Жаштардын ичинен дымактуу лидер катары таанылып келатат. Эмесе, мындан аркы арымына сересеп сала туралы. Мүдүрүлбөй аягына чейин күрөшөбү, же жолдон кайтабы?..

Aryba.kg