Генерал Курсан Асанов элдик инсан экени далилденүүдө

888

Бүгүн, 1-ноябрь милициянын кесиптик майрамы. Иралды, биз саясый куугунтукка алынган ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановду куттуктап, ден соолук, бекем кайрат каалайбыз! Бул күндөр да өтөт…

Учурда милициянын аброюн арттырууда опол-тоодой эмгек кылган Элдик Генерал Курсан Асановдун эмгеги баалангандын ордуна саясий куугунтукка кабылганы коомчулукта чоң талкуу жаратып турган чак. Албетте, “ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи, акыры чындык орноп, Асановдун акталаар күнү алыс эмес. Дагы бир жолу Элдик Генералды майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Кечээ, Курсан Асановдун тарапташтары тынчтык митингге чыгып, аны тез арада бошотулушун талап кылышып бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Эң башкысы, алар чыныгы генералга жасалып аткан кыянаттык иштерге кайдыгер карап тура алышпай, козголгон кылмыш иштери адилет, мыйзамдын алкагында каралышын суранышты. Андан сырткары да коомчулуктагы абройлуу инсандар Курсан мырзаны колдоп келатышат. Себеби, элдин көзү көрөгөч эмеспи. Ар-кандай суу кечпеген жарлыктар менен эле ар нерсени токуй берсе болобу?

Ток этери, убакыттын өтүшү менен генерал Асанов элдик инсанга айланууда. Коомчулук анын ишмердиктерин колдоп, «ириген» ИИМди жектеп атпайбы! Мындан өткөн дагы эмне керек?

ЧЫНДЫК