Конституциялык реформа – бул мезгилдин жана элдин талабы — Мамытканов

34

Конституциялык реформа – бул мезгилдин жана элдин талабы. Бул тууралуу бүгүн Конституциялык реформаны талкуулаган тегерек столдун жүрүшүндө вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, элдин алдында чоң тандоо турат: башкаруунун кандай формасын каалашат.

«Кыргызстан супер президенттик да парламенттик да башкарууну көрдү. Биз элге тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Дал ушул Конституция бизди азыркы күнгө алып келди. Конституциялык реформа – элдин талабы. Таза шайлоо да элдин талабы. Эл тандайт, ошондуктан да биз бүгүн референдумга баруу керектигин айттык», – деди Мамытканов.