БШК президенттик шайлоого алгачкы талапкерди каттады

689

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоого катыша турган алгачкы талапкердин документин каттады.

БШКдан билдиришкендей, бүгүн, 30-октябрда документтерди Адахан Мадумаров тапшырды.

“Учурда бир гана Адахан Мадумаров катталды”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.