Бишкекте 21 жаштагы келин үч эм төрөдү

194

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (№6 төрөт үйү) 21 жаштагы келин үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев агенттикке билдиргендей, ымыркайлар 29-октябрда төрөлгөн. Наристелердин биринчиси – 2 кг 20 грамм, экинчиси – 2 кг 300 грамм, үчүнчүсү – 2 кг 500 грамм.

«Ымыркайлар кесарева жолу менен жарык дүйнөгө келишти. Келиндин абалы туруктуу. Ымыркайлардын абалы болсо канааттандырарлык деп бааланууда, балдар реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болуп жатышат», – деди Узакбаев.