Кеңешбек Дүйшөбаев отставкага кеткенин айтып, көп сырларды ачыктады

385

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоону «театрлашкан шоу» деп мүнөздөдү. Мындай пикирин ал 27-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты:

«Биздеги «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз болду эле – 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши тууралуу «Азаттык» жүргүзгөн иликтөө, эл аралык жүк ташуудагы ар кандай иштер жана соода тармагындагы көмүскө схема жөнүндө. Жакында эле көрдүңөр, аны кармап, сурактан кийин чыгарышты. Ошол жерден «Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки миллиард сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады» дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да».

Ошону менен катар Дүйшөбаев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Матраимов тууралуу айтканын сындап, өлкө жетекчиси катары ал анын бөгөт чарасын аныктоого кийлигишүүгө укугу жок болгонун белгиледи:

«Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук негизге бул канчалык жатат?».

22-октябрда Жапаров Матраимовду камап коюу менен маселе чечилбей турганын айтып, ал тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, дароо 80 миллион сом төккөнүн, дагы эки миллиардды октябрдын аягына чейин төгүп бере турган милдеттенме алып, үй камагына чыгарылганын белгилеген.

УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип, бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

Белгилүү кримавторитет Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ыкчам маалымат боюнча, Бишкек шаардык соту жакынкы аралыкта уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин баш коргоо чарасын өзгөртүшү мүмкүн.

“Болбосо, кылмыш дүйнөсү бийликтен убадаларын аткарууну талап кылышы мүмкүн. Анын кармалгандыгы жөнүндө да кеңири маалымат берилди”, – деди Кеңешбек Дүйшебаев.

Бардык бийлик бутактарында жоопкерчиликсиздик болуп жаткандыктан отставкага кеттим. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруу үчүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болууну суранган.

“Коопсуздук кеңешинде иштеген 1 жумада COVID-19, коррупция, криминал, укук коргоо органдарын, Куралдуу күчтөрдү, чек ара коопсуздугу, ИИМ, Каржы полициясы жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын кайра уюштуруу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишин мыктылоо темалары боюнча аналитикалык каттарды даярдадык. Бирок бат эле көңүлүбүз калып калды. Эч кандай карап көрүү, чечим чыгаруу жана кыймыл-аракет болгон жок “- деди Дүйшөбаев.

Кеңешбек Дүйшөбаев басма сөз жыйынын коопсуздук кеңешинин катчысынын кызматынан бошотулгандан кийин өткөрдү. Аны Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында 15-октябрда дайындаган болчу. Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылы Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы, ага чейинки жылдарда ички иштер министри, биринчи-вице-премьер министр болуп иштеген.