Алмазбек Атамбаев №47 абакка которулат

58

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ден №47 абакка которулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди ЖАМКтын атайын комиссиясы кабыл алды. Ал комиссиянын курамына Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү кирет.