Тихановская: «26-октябрда Беларуста жалпы улуттук иш таштоо башталат»

23

Беларуста өзүн улуттук лидер жарыялаган Светлана Тихановская жекшемби күнү кечинде 26-октябрда өлкөдө жалпы улуттук иш таштоо башталарын билдирди.

Тихановская Телеграм-каналында жекшембидеги нааразылык акциялардын жыйынтыгын чыгарды. «Бүгүнкү режим беларустарга зомбулукка гана кудуреттүү экенин кайрадан көрсөттү. Бирок төрөтканалардын терезелеринин алдында кулак тундуруучу гранаталарды жардыруу – бул күч эмес. Режим чындыкты айтууга, сөзүнө жооп берүүгө жана элдин талабын аткарууга даяр эмес. Демек, бул режим беларус элине татыктуу эмес», – деп жазды ал.

"Марш народного ультиматума" и светошумовые гранаты

 EMBED SHARE

“Марш народного ультиматума” и светошумовые гранаты

 EMBED SHAREThe code has been copied to your clipboard. 


width  px height  px


The URL has been copied to your clipboard 

No media source currently available0:000:03:410:00 Загрузить файл 

Минск жана Беларустун башка шаарларындагы жүрүштөр Александр Лукашенкого карата демилгеленген элдик ультиматумдун мөөнөтүнүн аякташына арналган. Тихановская Лукашенкодон бийликтен баш тартууну жана саясий туткундарды бошотууну талап кылган. Ал бул талаптар аткарылбаса, өлкөдө жалпы улуттук иш таштоо башталарын, жолдор тосулуп, мамлекеттик ишканалардын өнүмдөрүнө бойкот жарыяланарын билдирген.

Бир катар шаарларда ОМОН жана милиция нааразылык акцияларына жолтоо болгонго аракет жасады, ондогон киши кармалды. Минскиде демонстранттарга каршы кулак тундуруучу гранаталар, резина октор колдонулду, жабыркагандар бар.

Беларуста нааразылык акциялары 9-августта Лукашенко президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары жарыялангандан кийин башталган. Анын каршылаштары шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептешет. Европа биримдиги шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Нааразылык акциялар учурунда миңдеген киши зомбулукка кабылды, өлгөндөр бар.