Мыйзамдуулукту жана БШКнын чечимдерин жактагандар митинг өткөрүп жатышат

17

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Бишкектеги баш кеңсесинин алдында учурда ондогон кишилер топтолуп, нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу БШКнын өкүлдөрү «Азаттыкка» маалымдашты.

Маалыматка караганда, чогулгандар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, парламенттик шайлоону мыйзам чегинде Боршайком белгилеген убакытта өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ошондой эле БШКнын парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча чечимдери мыйзамдуу жана туура экенин айтышууда.

Акциянын катышуучулары «Конституцияны ордуна кой!», «Мыйзамдуулукту сактагыла!», «Укуктук талаага кайткыла!», «БШКдан колуңду тарт!», «Сен хан эмессиң!» деген жазууларды кармап турушат.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болуп чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан.

Өткөн аптада БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко “Актив” партиясы жана “Адам укуктары жана демократия үчүн” коалиция кайрылган.

22-октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик да, парламенттик да шайлоону токтото туруп, Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзамга кол койгон.

БШК Баш мыйзамга таянуу менен 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган эле.