Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 420 адамдан табылып, 227 адам сакайды

18

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 420 адамдан табылып, 227 адам сакайды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту Бишкекте – 98, Ош шаарында – 32, Чүй облусунда – 26, Ош облусунда – 51, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 112, Баткен облусунда – 49 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 227 адам сакайып чыкты. Бишкекте – 39, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда – 32 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 47 миң 843 адам айыкса, 56 миң 170 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 134 жаран көз жумган.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 399 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 274 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 588 учур катталды, алардын ичинен 3 280 медкызматкер айыгып чыкты.