ВИДЕО – Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн, отставкага кетээрин убадалады

283

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Анын айтымында, ал декабрь айынын башында президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кызматын тапшырып берет.

“Шайлоого катардагы адам катары катышам. Эгер өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй жаран бойдон калам”, – дейт Жапаров.