Баткенде рейд жүрүп, жол эрежесин бузган 800 айдоочуга протокол түзүлдү

21

Баткенде рейд жүрүп, жол эрежесин бузган 800 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 2020-жылдын 17-25-октябрь күндөрү Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан бир жумалык комплекстүү профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө жалпысынан жол эрежесин бузган 800 айдоочуга карата КРнын бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлгөн.

Анын ичинен мас абалда унаа башкарган – 29, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 7, ылдамдыкты жогорулатып унаа башкаргандар – 202, унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылаткандар – 9 жана мамлекеттик белгиси жок унаа башкарган бир айдоочу аныкталып, 63 унаа убактылуу айып аянтчасына токтотулду.

“Бул иш-чаранын негизги максаты жол кыймылында айдоочулардын жол эрежелерин так сактоосу, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.