Садыр Жапаров: парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт

164

Кыргызстанда парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. Бул тууралуу өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Инстаграмдагы” sadyr_japarov деген баракчасына жазды.

“Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп, туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин кудай буюрса, реформалар жүрөт. Андан кийин парламенттик шайлоо болот”,- деген Жапаров.