Бактыбек Сыдыков мыкты менеджер, өз ишинин каныккан адиси…

130

Эки күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгына Бактыбек Сыдыковдун жетекчи болуп барганы боюнча айрым кайчы пикирлер айтылууда. А түгүл кээ бир сайттар: «Манас» аэропортунун кызматкерлери иш таштаган атат…», -деп да жазып жиберишти. 21-октябрь күнү кайсы бир кызыкдар күчтɵр тарабынан 20-30 киши чогулуп атып митинг ɵткɵргɵнɵ да жетишишти. Чогулган бир ууч адамдар жалпы жамааттын атынан сүйлɵп атканы бизди таң калдырды. Ал эми аэропорттун кызматкерлери адаттагыдай эле иш күндɵр иштеп, келген-кеткен жүргүнчүлɵрдɵү тейлеп жатышат. Муну аэропорттун жетекчисинин креслосуна кɵзүн кызарткандардын оюну деп билдик. Эми сɵздү жетекчи болуп келген Бактыбек Сыдыковго буралы…

Аталган башкаралыкка жаңы жетекчи болуп барган Бактыбек Сыдыков тууралуу айта турган болсок, Бактыбек мырза мыкты атадан мыкты тарбия кɵргɵн жигит. Кичи пейил, адамгерчилигинде сɵз жок. 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты катары эмгектенип келди. 2007-2010-жылдар аралыгында «Манас» аэропортун башкарган. Жакындан билгендер ал кишини иш билги, мыкты менеджер катары айтышат. Дегенибиз, 2007-жылы Сыдыков аэропортко келгенде ал жердин каржылык абалы 670 миллион сомду түзгɵн болсо, 2010-жылы ал кетип аткан маалда аэропорттун каржылык мүмкүнчүлүгү 2 миллиард 100 миллион сомду түзгɵн экен. Кɵрɵ албастыктын да чеги болот да. Учурдагы кырдаалды эске алып Бактыбек мырза сыяктуу иш билги менеджерлерге мүмкүнчүлүк берип кɵрбɵйлүбү!

Нургазы Айтмырзаев

Булак:ДЕ-ФАКТО