Текебаев талаш жараткан мыйзам долбооруна кандай шарт менен кол койду?..

737

Жогорку Кенештин депутаттар тобу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну сунуштап жатышат.

Алар “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын кээ бир укуктук-ченемдик актыларын токтотуу жөнүндө” мыйзам долбоору сунушташууда.

Эскерте кетсек кечээ, 21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоонун күнүн 20-декабрга белгилеген.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу каражаттын тартыштыгы, коронавирустун экинчи толкуну жана шайлоо системасын реформалоо сунушуна байланыштуу сунушталууда. Бирок президенттик шайлоо өз убагында 10 же 17-январда өтөт.

“Ал мыйзам долбооруна парламенттик башкаруу форма сакталып калышы керек деген шарт менен кол коюп бердим. Айрым өзгөртүүлөр болот: премьер-министр менен өкмөт күчөтүлүп, президент дагы ыйгарым укуктарынан ажырайт. Шайлоо системасы шайлоочу өзү тандаган талапкерлерге добуш бергендей болуп өзгөрөт”, – деди.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Талант Мамытов бүгүн ал мыйзам долбоорун тармактык комитет карап, андан кийин ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилерин билдирди.