Сулайманов: 20-декабрга белгиленген парламенттик кайра шайлоо мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн

164

Кыргызстанда парламенттик кайра шайлоонун белгиленген мөөнөтү башка убакытка жылып калышы ыктымал болуп турат. Бул тууралуу 22-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов айтты.

Сулайманов азыр Баш мыйзамды өзгөртүп, мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо тууралуу демилгелер көтөрүлүп жатканын айтты, бирок азырынча бул тууралуу «расмий кагаз түшө элек» экенин билдирди:

«Эки түрдүү талап болуп жатат – же толук президенттик башкарууга, же толук парламенттик башкарууга өтөлү, аралаш болбойт экен деген. Шайлоо жылып калышы мүмкүн. Айтыш кыйын, балким 2-3 айбы же андан ашык».

Кыргызстанда 2010-жылы референдум өткөндө өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөнү айтылган. Бирок талдоочулар парламентке укук көбүрөөк берилгени менен иш жүзүндө бийлик бир адамдын – президенттин колунда топтолгонун белгилеп келишет.

Сулайманов 21-октябрда сунуш кылган мыйзам долбоорун парламенттеги бардык фракциялар экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришкенин, бүгүн тийиштүү комитетте каралгандан кийин ал парламенттин жалпы пленардык жыйынына чыгарыларын айтты. Эгер бул долбоор кабыл алынса, Кыргызстанда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү азыркы беш миллион сомдон бир миллионго ылдыйлатылат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт.

Аталган мыйзам долбоордун демилгечилери – Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, алар шайлоо мыйзамына негизги үч өзгөртүүнү киргизүүнү сунуштап жатышат. Негизинен шайлоо босогосун 7%дан 3%га, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы (шайлоо дарегин алмаштыруу) алып салуу сунушталууда.

Ошондой эле азыркы мыйзамдар боюнча шайлоого катышкан партия шайлоочулардын 5%ынын добушун алган учурда шайлоо күрөөсү кайтарылып берсе, эми алардын мыйзам долбоору боюнча шайлоо күрөөсүн шайлоочулардын 1%ынын добушун алган партияларга кайтарып берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Алтынбек Сулаймановдун айтымында, учурда аталган мыйзам долбоору боюнча фракциялар өз чечимдерин чыгарып беришти.

“Фракциялар чечимдерин чыгарып беришти. Башында талаш-тартыш болуп жаткан, азыр бир чечимге келдик. Азыр баары колдоп беребиз деп турушат. Өзүнүн пикирлери барлар жок эмес, каршылар бар. Бирок алардын саны аз”, – деди ал.

Анын пикири боюнча шайлоо босогосу 3% түшүрүлсө Жогорку Кеңеште 8-10 партия өтүп калышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт.