Жалал-Абадда жер титиреди

14

Жалал-Абадда жер титиреди, – деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-октябрь күнү саат 07:21де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Бостон, Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5 балл, Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.