АИДА КАСЫМАЛИЕВА КАНЧАЛЫК АКТАНСА ДА АГАРБАЙ КОЙДУ ЭЙ!

669

Башта Алмазбек Атамбаевдин арты менен депутат болгон Аида Касымалиева шефин сатып кетип, вице-спикерге чейин көтөрүлдү. Бул саам Сооронбай Жээнбековдун башын аттап кетүүгө батына албады окшойт. Себеби, түбөлүккө жууса кеткис “саткынчы” деген мөөр “бир жерине” урулат да. Дал ушул жагын ойлоп, өзүн туруктуу саясатчы көрсөтүүгө жандалбастап, Сокеге болушумуш этип, упай топтогонго аракет жасады. Бирок, коомчулук астында Касымалиева баары бир туруксуз, амалкөй, жалаа жапкыч катары сүрөттөлүп атат го? Саясатта бир мүдүрүлүп алсаң, канчалык актансаң да агарбайт турбайсыңбы…

“Азия Ньюс” гезити