Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулду

9

Суракматов Азиз Эмилбекович «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулду (жеке арызынын негизинде).

Өкмөттүн расмий сайтында маалымдалгандай, тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.