Текебаев: Президенттик башкаруу кирсе, ага жүгүнүп кол чапкан парламент пайда болот

1783

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев парламент шайлоолорду өз убагында өткөрүү маселесин чечип бериши зарыл деп эсептейт. Депутаттын 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында белгилегенине караганда шайлоо Конституцияда жазылган мөөнөттө өткөрүлбөсө “президентке жүгүнгөн” парламент пайда болот. Депутат азыр депутаттар экиге бөлүнүп турганын, бир тарап шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, “жаңы келген парламент конституциялык реформаны баштай берсин” деген, экинчи тарап “шайлоо өткөрүүнүн кереги жок” деген пикирди карманып турушканын белгиледи:

“Экинчиси – шайлоону өткөрбөйлү, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учураталы, Конституцияны уруп ойнобойлу, “элдин талабы” деген талапка жамынып өткөрбөй коелу да, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап. Эгер ошол система кирсе, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп кол чаап турасыңар! Бар арабызда жүгүнүп кол чаба тургандар. Ийилип кол чабасыңар. Келет ал. Келип жатат. Каалоочулар айтып жатат. Эл-журт, парламент, тандагыла!”.

“Шайлоо күнү белгиленбей калса, сегизинчи күнү шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет. Бүгүн биз талашып кетип калсак, эртең БШК өз ишин баштаганы турат. Бул маселени чече албаганыбыз үчүн биз депутаттар уят болобуз”, – деди ал.

Анын айтымында, депутаттар учурда маанилүү болуп жаткан 3-4 маселени карап чыгып, андан кийин тарап кетиши керек.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарылган. Азыркы парламенттин мөөнөтү аяктап калгандыктан кайра шайлоо, ал эми президент отставкага кеткендиктен мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүсү зарыл. Айрым депутаттар адегенде Конституцияны өзгөртү үчүн референдум өткөрүү зарылдыгын айтууда. Мындай көз карашын алар азыр Кыргызстанда “эки баштуу” башкаруу болуп турганы, президент эч нерсеге жооп бербегени менен негиздеп жатышат.