Майланышып жүрчү Марат Аманкулов15 күндө 15 кг. арыктап кеттиби?

1257

Жогорку Кеңештеги «СДПК» фракциясынын депутаты Марат Аманкулов акыркы 15 күндүн ичинде кадимкидей арыктап кетти. 120 кг салмактан 100гɵ түштү байкашыбызча. Ой-санаа деген жаман турбайбы. Кыргызга бир тыйынчалык жакшылык кылбаган Макең акыркы 10 жыл ичинде болушунча тайраңдаганы жалган эмес да. Анан ошондой майкɵл-сүткɵл жашоодон айрылыш оңойбу?! Анын баарын ойлонуп атып инсульт болбосо экен деп биз сарсанаабыз…

Марат Аскерович шайлоо алдында шадраңдап Кудайды тааныбай турду. Аны ɵзү деле моюнуна алса керек. Алына ченебей пиар кылдырып, үгүтчүлɵрдү үстɵккɵ-босток жалдаган экен кыраанбай. Шайлоо бүтɵɵрү менен абал ɵзгɵрүп кетип ɵзүнɵ келе албай жүрɵт. Үгүт маалында үгүтчүлɵргɵ берем деген акчаларын, пиар кылдырам деп карыз болуп калган акчаларын бербей качып жүрүптүр. Телефонун ɵчүрүп коюп, түлкү басыш менен жылып жүргɵн кези. Аманкулов Кудайдын каарына калганын сезди бекен? Айтаарга сɵз жок аман эле болчу Аманкулов…

ЧЫНДЫК