Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 549 адамдан табылып, 5 адам каза болду

87

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 549 адамдан табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте – 125, Ош шаарында – 37, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 82, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 117, Баткен облусунда – 97 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 305 адам сакайып чыкты. Бишкекте – 39, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 78, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 99, Баткен облусунда – 30 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 46 миң 444 адам айыкса, 53 миң 459 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 118 жаран көз жумган. Бир күндө 5 өлүм катталды. Баткенде – 2, Бишкек шаарында – 3 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 2 миң 796 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 612 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан алты, үй карантининен он медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 555 учур катталды, алардын ичинен 3 200 медкызматкер айыгып чыкты.