Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

11

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды, – деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 21-октябрь күнү саат 05:08де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.