Бактыбек Сыдыковго каршы топтор туура эмес маалымат таратып жатышабы?..

893

Бүгүн, «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгына Бактыбек Сыдыковдун жетекчи болуп барганы боюнча айрым кайчы пикирлер айтылууда. А түгүл кээ бир сайттар: «Манас» аэропортунун кызматкерлери иш таштаган атат…», -деп да жазып жиберишти. Биз бул боюнча тактоо ирээтинде атайын аэропортго барып келдик. Учурда ал жакта абал тынч, күнүмдүк иш күн адаттагыдай эле ɵтүп жатканына күбɵ болуп кайттык.

Ал эми сɵз болуп жаткан, бүгүн башкаралыкка жаңы жетекчи болуп барган Бактыбек Сыдыков тууралуу айта турган болсок, Бактыбек мырза 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты катары эмгектенип келди. 2007-2010-жылдар аралыгында «Манас» аэропортун башкарган. Жакындан билгендер ал кишини иш билги, мыкты менеджер катары айтышат. Дегенибиз, 2007-жылы Сыдыков аэропортко келгенде ал жердин каржылык абалы 670 миллион сомду түзгɵн болсо, 2010-жылы ал кетип аткан маалда аэропорттун каржылык мүмкүнчүлүгү 2 миллиард 100 миллион сомду түзгɵн экен. Учурдагы кырдаалды эске алып Бактыбек мырза сыяктуу иш билги менеджерлерге мүмкүнчүлүк берип кɵрбɵйлүбү!