“Чыныбай Турсунбеков” атындагы фонд түптөлдү

136

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук-саясий ишмер, акын жана ишкер Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд түптөлдү.

Фонддун башкы максаты:

Кыргызстан журналисттерин, жаш окумуштууларды жана акын-жазуучуларды колдоо жана сөз эркиндигин өркүндөтүү.

Фонд үч багытта иштейт:

• кыргыз тили жана адабияты багытында илимий иликтөөлөр менен алектенип жүргөн жаш окумуштууларды колдоо;
• Кыргыз Республикасынын маданий мурасына бараандуу салым кошкон жаш акын-жазуучуларга колдоо;
• Кыргыз Республикасынын журналистика жанрынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү;
Фонддун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруудагы өзгөчө салымы үчүн фонддун атынан сыйлыктар жана стипендиялар уюштуруулат.
Бул максатта фонд жыл сайын төмөндөгү номинациялар боюнча сынактарды өткөрүп турмакчы:
• кыргыз адабияты (проза, поэзия) – 2 байгелүү орун;
• журналистика – 2 байгелүү орун;
• илим (кыргыз тили жана адабияты) – 2 байгелүү орун.

Жеӊүүчүлөр дипломдор жана 100 000 сомдук акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Байге фонду 600 миң сом түзөт.

Байге тапшыруу аземи жыл сайын Чыныбай Турсунбековдун туулган күнүнө карата өткөрүлүп турат.