Кайрадан өтө турган парламенттик шайлоо – Садыр Жапаров үчүн чынчылдык сыноосу болот

219

Экс-президент Роза Отунбаева алдыдагы парламенттик шайлоо абсолюттук бийликти колуна топтогон Садыр Жапаров үчүн чынчылдык сыноосу болот деп эсептейт. Бул тууралуу пикирин бүгүн, 20-октябрда саясий партиялардын жана жарандык коомдун улуттук диалогу учурунда айтты.

“Анын алдында оор милдет турат – экономиканы көтөрүү. Ошондуктан, ага жаш, иш билги адистерди тартуу керек. Эгер ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн схемаларын ачыкка чыгарса, эл ага ишенет. Бирок ошондой эле, шайлоо таза өтүшү керек” – деди экс-президент.

Жыйындын башка катышуучулары таза шайлоонун кепилдиги – шайлоо босогосун бир пайызга чейин, күрөөнү миллионго чейин түшүрүү жана №2 формасын алып салуу деп эсептешет.

Белгилей кетсек, буга чейин кайрадан өтө турган парламенттик шайлоо 20-декабрда өтүшү мүмкүн экени айтылган.

Булак:Кыргызтудей