Жогорку сот Мырзакматовду актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды

89

Жогорку сот Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу 20-октябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Мырзакматовдун иши Жогорку сотто 19-октябрда каралды. Анда Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Шаардык сот Мырзакматовго карата козголгон иште кылмыш курамы жок деген негизде аны 15-октябрда актаган, облустук сот бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Мелис Мырзакматовго Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) боюнча күнөө коюлуп, 2015-жылы жети жылга сыртынан кесилген. Муну Мырзакматов өзү саясий куугунтук деп атаган.

2014-жылдан бери бозгунда жүргөн Мырзакматов быйыл 7-октябрда Түркиядан Ош шаарына кайтып келген. Бул Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы тараптардын митингинен кийин уланган баш аламандык учурга туш келди.