Аликбек Жекшенкулов ТИМдин мурдагы министри Айдарбековдун интригасынын курмандыгы болдубу?

2482

23-сентябрда Москвада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууну пландап жатканын, бирок жолугушууда кандай тема көтөрүлөөрү азырынча белгисиз болуп жатканын “24. kg” маалымат агенттиги жазып чыкты. Ошондой эле, маалымат агенттиги мурдагы элчининин кызматтан алынуусунун күңгөй-тескейи тууралуу макаланы эксперттердин пикирине таянып жарыялады: 

“Коммерсант” газетасынын кабарчысы, таасын анализдери менен таанымал журналист Кабай Карабеков жолугушуунун өзөгүн сөзсүз түрдө Кремлдин Кыргызстанга каржылык жардам берүүсүн токтотуу чечиминин айланасындагы маселелер түзөөрүн жана кыргыз-орус эки тараптык мамилени толук кандуу жандандыруу аракети жасалаарын божомолдоду. 

Журналист кыргызстандык дипломаттардын орусиялык кесиптештери менен жолугушуусун мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик башындагы акыркы күндөрүндө Аликбек Жекшенкуловду Кыргызстандын Россиядагы элчиси кызматынан бошотуу тууралуу чыгарган таң калыштуу жарлыгы да кайпып өтпөйт деп эсептейт. 

“Мурдагы президенттин бул чечими Бишкек менен Москванын ортосундагы бардык дипломатиялык байланыш каналдарын токтотту. Москвада мындай кадрдык чечим таң калууну жаратты, Кыргызстандын бир да мурдагы президенттери өзүнүн стратегиялык өнөктөштөрү менен байланышты мынчалык жар салуу образында үзгөн эмес”, – дейт Кабай Карабеков. 

Мурдагы президент Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду отставкага кетирүү чечимин анын “ишенимден чыкканы” менен түшүндүргөн. Бул коомчулукта чоң таң калууну жаратты. Коронавирус пандемиясынан улам көпчүлүк элчиликтен аралыктан иштөө режимине өткөн убакта Кыргызстандын бир гана Россиядагы элчилиги реалдуу режимде иштеп, мекенине кайта албаган мигранттардын маселесин күн-түн дебей чечкени коомчулукка маалым. Мына ушундай режимде, күн-түн тынымын билбей иштеген жалгыз дипломатиялык мекеменин башчысын саткын атоого шашылышты. 

Айрым маалыматтарга караганда, Сооронбай Жээнбековдун мындай маанидеги жарлык чыгарууга Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери жана президенттик аппараттын тышкы  байланыштар бөлүмү макулдаткан. Алар мурдагы президентке Аликбек Жекшенкулов ТИМ жана президенттин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы менен макулдашпай туруп,  өзү билип сентябрда Сооронбай Жээнбековдун Москвага иш сапарынын мөөнөтү жана программасы боюнча Россиянын ТИМине  нота жиберип салганы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматты жеткиришкен. Бул биринчи жалаа жабуу болсо, экинчиси – Аликбек Жекшенкулов 9-10-октябрда ЕАЭБдин Ереванда өткөн саммитине ТИМ менен акылдашпай туруп барып алган имиш. 

Бирок профессионалдуу дипломаттар жогоруда аталган жагдайлар  элчини кызматтан алууга себеп болуп бербеши керек деп эсептешет. Анткени, ар бир элчи президенттин иш сапарынын мөөнөтү тууралуу нота жөнөтүүгө милдеттүү, бирок бир дагы элчилик иш сапар кайсы күнү болоорун так белгилей албайт, болгону аны камсыздайт. 

Кабай Карабековдун пикиринде, мындай абалда Кыргызстан менен Россиянын президенттери иш сапарынын күнү тууралуу өз ара макулдашат. 

“Аликбек Жекшенкулов Еревандагы саммитке катышууга милдеттүү болчу, бул анын Кыргызстандын Армениядагы да элчиси болгондугунан эмес. Бишкектеги кризиске байланыштуу Ереванга өкмөттүк делегация бара албай калганынан улам. Анын үстүнө ЕАЭБдин саммитине элчинин сапары Кыргызстан өкмөтү тарабынан санкциялаштырылган. Өлкөнүн делегациясынын ЕАЭБ саммитине катышпай калышын ага катышкан мамлекеттер Кыргызстандын өнөктөштөр алдындагы өз милдетин тоготпостугу катары кабылдашы мүмкүн эле”, – дейт Кабай Карабеков. 

Ал жерде Аликбек Жекшенкулов эч кандай документтерге кол койбогону маалым, жөн гана өлкөнүн желегин көрсөтүп отурган. 

Эксперттердин пикири боюнча, бул чечимге алып келүүчү эки себеп бар: саясий жана жеке, тагыраак айтканда, эми мурдагы болуп калган министр Чыңгыз Айдарбеков менен элчи Аликбек Жекшенкуловдун ортосундагы көз караштардын келишпегендиги. 

Мамлекет башчысынын аппаратынан купуя сыр катары, Кыргызстандын жетекчилиги 4-октябрдагы шайлоонун чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Россиядагы  добуш берүүсүнүн  жыйынтыгына нааразы болгон. Ал жакта бийликчил партиялар оппозициячыл партияларга абдан көп  добушка жеңилип калышкан. Кыязы, так ушул нерсени ТИМ башчысы президентке айтып барган. 

Кабай Карабековдун пикиринде, мурдагы тышкы иштер министринин жабыр тарткан амбициясы мамлекеттик кызыкчылыктан өйдө чыгып кеткен. “Так ошол жетекчинин жеткирип баргандарынан улам Аликбек Жекшенкуловду “ишенимден кеткени үчүн” кызматтан алуу боюнча жарлык даярдалган”, – деп эсептейт Кабай Карабеков. 

Саясат.кж