Акылбек Жапаров Садыр Жапаровду жандап жүрөбү?..

1079

Мамлекетти кантип тоноонун жолдорун өздөштүргөн саналуу адамдар бар экени маалым, аларга бийликтин алмашканы кеп деле эмес экендигин турмуш көрсөттү. Төңкөрүштө тепкилеп-сабаса деле болбой, сымаптай кылтылдап барып, майлуу жерге отуруп алып жатышат. Маселен, Акылбек Жапаров тээтиги Совет доорундагы Апсамат Масалиевдин маалынан бери майталканда. 30 жыл бою жеп-ичти, тоноду, кабат-кабат имараттарды салды, бирок тойбоду. Дагы деле бийликке жутунуп жатат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Акылбек Жапаров президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду жандап жүргөнү каңкууланууда.

Садыр Жапаров эстүүлүк таанытып мамлекетке пайдасынан зыяны көп Акылбекти акырын иттен чыгарып койгону жакшы. Болбосо амалкөй Жапаров Жапаровду жайлап кетпейби? Так что, Садыр Жапаров мындай кубулма, кошоматтын коюн сойгонду мыкты өздөштүргөн, этеги жаман жерден айрылып, жүргөн жеринде чөп чыкпаган Акылбек Жапаровдон абай болгону дурус…

Кыскасы, алп Кыргызстандын түбүнө Акылбек сыяктуу алкынды самындай жылмышкан немелер жетмей болду.

ЧЫНДЫК