Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 44 млн куб метрди түздү

24

Бүгүн, 19-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 44 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 224 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 340 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.