Ө.Текебаев: Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша алат, эгерде ал…”

11978

— Конституцияда президенттин милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт деген норма бар. Сиз аны Жогорку Кеңештин жыйынында айттыңыз, аны кээ бир жарандар Садыр Жапаровго каршы атайын жасалган чектөө катары кабыл алып жатышат. Бул норма эмне үчүн кирген? Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша алабы?

— Мыйзамдын талабына жооп берген кыргызстандын жараны президенттик шайлоолорго катыша алат. Мыйзамда кандай талаптар, чектөөлөр коюлган? Биринчи, бул курактык чектөө, “ценз” – чектөө деп аталат, курактык чектөө. Президенттикке талапкер 35 жаштан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес адам болушу керек. Экинчи чектөө, отурукташуу цензи деп аталат. Талапкер кыргызстанда 15 жылдан кем эмес жашаган адам болушу керек. Үчүнчү чектөө, бул тил цензи деп аталат. Талапкер мамлекеттик тилди, тагыраагы кыргыз тилин билиши абзел. Кийинки чектөө, талапкер башка өлкөнүн жарандыгына ээ болбошу керек, ал кыргызстандын гана жараны болушу кажет. Мындан башка дагы эки чектөө бар. Мамлекеттик же муниципиалдык кызматты ээлеген талапкер депутат же президенттен башка президенттик шайлоого катышканда өз милдетин аткарууну убактылуу токтотуп турушу керек. Кийинки чектөө, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт деген чектөө. Акыркы эки чектөө, эркин, таза, адилеттүү шайлоону камсыз кылуу, шайлоонун катышуучуларынын баарына бирдей шарт түзүп берүү жана шайлоодо админстративдик же өзүнүн бийлик статусун ашыра пайдаланууга чек койуу үчүн, конституцияга жана шайлоо мыйзамдарына киргизилген. Бул чектөөлөр, бир конкреттүү адамга каршы багытталган эмес. Садыр Жапаров кыргызстандын жараны катары президенттик шайлоолорго катыша алат. Ал үчүн ал талапкер катары катталаар алдында премьер-министрлик милдетин аткарууну убактылуу токтотуш керек. Президенттин милдетин убактылуу аткарууну кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасына кайтарып бериши керек. Ошондо ал жаран катары шайлоого катышат. Бул абдан маанилүү. Мен Садыр Жапаровдун күйөрмандарына да айткым келет, артык кылам деп, тыртык кылбайлы. Садыр Жапаровду эл колдоп жатат, шайлоодо да колдоп берсе ал өтөт. Анан чырпак ал десе, көз алгандай болуп, мыйзамды бузуп шайлоого болгон элдин ишенимин жоготпойлу. Баарыбыз тең 5-октябрда таза эмес өткөн, элдин добушун оптом сатып алган шайлоого каршы нааразы болуп чыктык. Мына ушундан улам кыргызстанда бийлик алмашып олтурат. Биз ошондон сабак алалы. Ошондой ыплас шайлоолорду экинчи кыргызстанда өткөрбөйлү. Мына акыркы эки чектөө так ошого багытталган. Талапкерлер өзүнүн кызмат абалын, саясий статусун ашыкча пайдаланбасын, шайлоонун жыйынтыгына элдер ынангандай болсун, мына ошондо гана шайланган бийлик органдары легитимдүүлүгү жогору болот, бийлик бекем болот деген ниет менен киргизилген жоболор. Ал жоболорду биз бүгүн кынтыксыз аткарышыбыз керек.

Маектешкен Эрмек Касымбек уулу

Булак:ЧЫНДЫК