Өмүрбек Текебаев: Курсан Асановго козголгон иште кылмыштын курамы жок, ал тез арада эркиндикке чыгышы керек!

3202

— 5-октябрдагы окуялардан улам, Кыргызстанда бийлик алмашты. 5-октябрь окуясынын катышуучуларынын кээ-бирлерине кылмыш иштери ачылылап жатат. Бул саясий куугунтуктоо эмеспи?

— 5-октябрдагы элдик толкундун, көтөрүлүштүн негизги себеби, бийликтин адилетсиз шайлоо өткөргөндүгүндө болду. Бийлик, президент Жээнбеков өзүнө караштуу үч партияны мыйзам бузууларына көзүн жумуп, сатып алуулар, басып алуулар жолу менен парламентте көпчүлүккө ээ болуп, бийликти энчилөөгө аракет кылды. Бул элдин нааразычылыгын жаратып, көтөрүлүшкө алып келди. 5-октябрь жана кийинки күндөрү болгон элдик нааразычылык, бул – бийликтин мыйзамсыз аракетине болгон реакция. Ошондуктан жарандар эгерде бирөөнүн ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч келтирбесе, мамлекетке кандайдыр бир материалдык зыян келтирбесе эч кандай жоопкерчиликке тартылбашы керек деп эсептейм. Бул кыргызстандагы жарандык тынччылыктын, стабилдүүлүктүн орношунун негизги шарттарынан болот. Кош стандарттуу саясат, уткандарга баары кечирилет, утулгандардын шору деген принцип менен аракет кылгандын аягы жакшылыкка алып келбейт.

— Генерал Курсан Асановго массалык башаламандык уюштуруу, мамлекеттик бийликти басып алуу дегендей күнөө коюлуп жатпайбы? Буга кандай карайсыз?

— Курсан Асанов мыйзамсыз, адилетсиз өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, ал жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылган адамдар менен чогуу болгон. Өлкө бийликсиз калганда ал Генерал катары, коомдук мамлекеттик ишмер катары өзүнүн тажрыйбасы, билими, анан эң негизгиси ички иштер кызматкерлеринин ичиндеги жеке аброюн, Бишкекте жана жалпы эле Кыргызстанда укук коргоо органдарынын ишин камсыз кылып, мыйзамдын, адамдардын укугун, алардын коопсуздугун сакталышына аракет жасады. Ал эч кандай мамлекеттик бийликти өзүнө ыйгарып алган жок. Мына ушундай көрүнүштөр башка жерлерде дагы болду. Тигил же бул демилгелүү адамдар тигил же бул мекемени көзөмөлгө алып, кимдир бирөөлөр аларга залакасын тийгизбесин дегендей өзүнүн түшүнүгү, деңгээлиндей аракеттерди жасашты. Ал аракеттер дагы бийликти же менчикти басып алуу катары бааланбашы керек деп эсептейм. Курсан Асановго козголгон иште кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу тез аранын ичинде кыскартылып, өзү эркиндикке чыгыш керек.

Маектешкен Эрмек Касымбек уулу

Булак:ЧЫНДЫК