Коронавирус акыркы суткада дагы 554 адамдан аныкталып, үч адам кайтыш болду

73

 18.10.20. Коронавирус акыркы суткада дагы 554 адамдан аныкталып, үч адам кайтыш болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирет.

Штабдын 18-октябрь саат 11:00гө карата тараткан маалыматына ылайык, акыркы суткада оору жаңы аныкталган учурлар;

  • Бишкек – 88
  • Ош – 38
  • Чүй облусу – 46
  • Ош облусу – 105
  • Талас облусу – 12
  • Нарын облусу – 6
  • Ысык-Көл облусу – 26
  • Жалал-Абад облусу – 143
  • Баткен облусу – 90

Илдеттен бир суткада Бишкекте – 20, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 79, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 46 жана Баткен облусунда – 26 бейтап айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавируска жалпы 52 миң 44 адам кабылса, анын ичинен 45 миң 736сы айыгып чыкты.

Республика боюнча стационарларда 2 миң 489 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 232 жаран дарыланууда.

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан бир күн ичинде 3 адам каза тапты. Алар Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкекте – 1 адам көз жумду. Жалпы 1 миң 111 киши өпкөнү сезгенткен оорудан кайтыш болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкек шаарында- 1, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда 1 медик ооруга кабылды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 534 учур катталды, алардын ичинен 3 157 медкызматкер айыгып чыкты.