ЭСЕНАЛИЕВДЕ ПРИНЦИП ЖОКПУ? ЭМИ ЖАПАРОВДУН “КӨЛӨКӨСҮНДӨ” КҮН КӨРӨТ…

959

Президенттин мурдагы аппарат башчысы Досалы Эсеналиев мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилигине дайындалды. Сооронбай Жээнбеков тактан тайгандан кийин Эсеналиев моралдык күнөөсүн ойлоп, жанталашпай эле отурса болбойбу? Принцип кайда? Же көнгөн адатына салуу менен “жыт чыккан” жерден мурдун тарта албай, тырмыша береби? Убагында Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Өмүрбек Бабановдун, Алтынбек Сулаймановдун кызматын кылып, аягында Сооронбай Жээнбековго “секирип” кеткен. Бул жактын да түбүнө жетти… Эми Садыр Жапаровдун “көлөкөсүндө” күн көрөбү? Ушунчалык да өзгөрүп кетеби? Эрксизден баш чайкайсың да-а…

Aryba.kg