Сыймык Жапыкеев Финполицияга жетекчи болду

308

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жетекчи болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур 17-октябрда “Азаттык” радиосуна билдирди.

Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров кызматтан кетти.

Сыймык Жапыкеев мурда прокуратурада иштеген. Кийинчерээк «Чоң казат» уюмунун лидери катары таанылып, ушул аталыштагы партия менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан. Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап жүрөт.