Жекшенкулов жакында бүдөмүк суроолорго чекит коюп, бир топ сырдын бетин ачат!

2778

Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн акыркы сааттарында күтүүсүз кадамга барып, Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкуловду жумуштан алуу указын чыгарып кетиптир. Коомчулук түшүнбөй калды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Аликбек Жекшенкулов чукул арада Бишкек шаарына учуп келип, маалымат жыйын өткөрөрү белгилүү болду. Азырынча сырга айланган көрүнүштүн жандырмагы чечилмекчи. Келаткан жума башында күбө болмокчубуз…

Айрым маалыматтарга таянсак, Сооронбай Жээнбеков ички интригаларга берилип, бузукулардын кебине таянуу менен Жекшенкуловду иштен алууга ашыкканы айтылууда. Убагында Жээнбеков КР РФ элчилик кызматына дасыккан дипломат Жекшенкуловду дайындаганын кубануу менен жар салган. Аликбек Жекшенкулов Элчи катары алгылыктуу иштерди жасап, эки тараптуу кызматташтыктын аброюн арттыра алганы жалганбы? Жээнбеков өзүнүн кемеси чөгүп баратканда күнөөнү башкадан издеп, артынан бычак сайганы кандай? Кыскасы, бүдөмүк суроолор көп. Жекшенкулов жакында Кыргызстанга келип, бир топ сырдын бетин ачаары күтүлөт…

ЧЫНДЫК