Баатыр кыз Атыр Абдрахматова кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

6201

БШКнын мүчөсү, өзүнүн принципиалдуу сапаты, чындык үчүн күрөшкөн мүнөзү менен “Баатыр кыз” аталып, элдин сүймөнчүгүнө айланган Атыр Абдрахматова ээлеген кызматынан өз арызы менен кеткенин Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

-Кымбаттуу кыргыз элим, туура түшүнүп, туура кабыл аласыңар, колдойсуңар деп ишенем! Мен жөнөкөй кыргыздын кара кызы болгом, болом, боло берем! БШК толук курам тазаланыш керек, мыйзамдуу жол менен. Элимдин талабы бийликтин #жанылануу су, бысмылда деп, БШКда мен баштадым. Мен да идеалдуу эмесмин, катачылык бар, билип билбей бирөөнү таарынтсам, же ката кетирсем кечирим сурайм! Жоопкерчиликтен качкан эмесмин, качпайм дагы. Ар бириңерге жылуу сөзүңөр үчүн, колдооңор үчүн терең ыраазычылык билдирем! Биздин ийгиликтер дагы алдыда! Элиме дагы кызмат кылып, көп жакшы жеңиштер буюрса болот! Жаратканым ар бирибизди, элибизди, мекенибизди колдосун! – деп жазды Атыр Абрахматова.