Сутка ичинде 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

17

Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Ош шаарында 4, Ош облусунда 5, Баткен облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 4 медик ооруп калды.

“Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 13 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3508 учур катталды, алардын ичинен 3128 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 16-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 431 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 51 миң 20ны түзөт. Алардын ичинен 45 миң 288 киши айыгып чыкты, 1 миң 103 адам каза болду.