Камчыбек Ташиев: Камчы Көлбаев мыйзамды буза берсе камалат

575

Камчы Көлбаев мыйзамды буза берсе камалат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал кыймыш дүйнөсүнүн адамдарына кайрылып, аларды мыйзам боюнча жашоого чакырып, болбосо камаларын эскертти.

“Биздин мамлекет бандиттик мамлекет болбойт. Бандиттер качып, жашына баштайт”, – деди ал.

Биздин коомубузду эч кандай “Раимдер” башкарбайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев брифингде билдирди.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Раим Матраимовду бир жылдан бери көрө электигин айтты.

“Менин бир тууганым каза болгондо көңүл айтып, телефон чалган. Ал коомдо чоң резонанс жараткан адам катары коррупциялык иштерге байланыштуу деп айтылып жүрөт. Биздин коомубузду эч кандай Матраимовдор, “Раимдер” башкарбайт. Акыйкаттуулук орнойт”, – деп, ал коом коррупционерлерден тазаланарын билдирди.

Матраимовдордун үй-бүлөсү боюнча толук иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

“Тилек Матраимовду Ош облустук соту үй камагына чыгарды деп кечээ уктук. Биз соттун чечимине каршы эч нерсе айта албайбыз. Бирок ошол эле учурда Матраимовдордун үй-бүлөсү боюнча толук иликтөө жүргүзүлөт”, – деди ал.

Саясий куугунтуктоолор болбойт, – деп билдирди КР УКМКнын жаңыдан төрагасы болуп дайындалган Камчыбек Ташиев.

“Ал нерсе биздин башыбыздан өткөн. Ал менин эсимде. Эми саясий куугунтуктоолор болбойт. Биздин максат – коррупционерлерге каршы күрөшүү”, – деди ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Ошондой эле ал саясий куугунтук кылгандар боло турган болсо жазаланарын билдирди.

Аткезчиликке жол берилбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев брифингде билдирди.

“Биздин чек аралар аркылуу аткезчилик жасалып келген. Эми андай болбойт. Ал иштерден улам биздин мамлекетке доо кетип жатат. Бажы жана Салык кызматтарында эч кандай коррупциялык схемалар болбойт”, – деп баса белгилеп, Кытай менен Тажикстандан ташылган аткезчиликке бөгөт коюларын билдирди.

Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп бүгүн, 16-октябрда дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.