Индира Куралбекова Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

1886

Индира Куралбекова Жогорку Кенештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев кол койду. Буга чейин Индира Куралбекова өлкөнүн билим берүү тармагында жана акыркы жылдары Жогорку Кеңештин маалымат кызматында эмгектенген.

Коомчулук менен эл өкүлдөрүн байланыштырууда бир канча программаларды даярдап, обого алып чыккан. Кесиби боюнча журналист.