Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган ассистенттердин сентябрь айындагы акысы толук төлөндү

23

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган жеке ассистенттердин сентябрь айындагы акысы толугу менен төлөндү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, октябрь айынын төлөмү 28-октябрдан 5-ноябрга чейин которулат.

Ошондой эле министрлик учурда жеке ассистенттерге төлөмдөрдү борборлоштуруу маселеси иштелип жаткандыгын маалымдайт. Иш-чара өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 7621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтөт.