Бишкекте өзгөчө абал режими алынды

19

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Бишкекте өзгөчө абал киргизүү туралуу президенттин жарлыгын бекитүү жөнүндөгү парламенттин токтомун жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, 12-октябрда президент Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарып, 13-октябрь күнү Жогорку Кеңеш ал жарлыкты бекитип берген. Өзгөчө абал 19-октябрь саат 08:00го чейин киргизилген.