Бишкектеги батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды – ӨКМ

14

Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү №48 үйдүн батиринен пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулар 15-октябрда саат 19:50дө шаардагы батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачышканда, 77 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.