HRW: Идлибде карапайым сириялыктардын тагдыры көз жаздымда калды

42

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Сирия өкмөтү менен Орусия козголоңчулардын Идлибдеги акыркы таянычын кайтаруу операциясын жүргүзгөндө миллиондогон карапайым сириялыктын тагдыры көз жаздымда калганын, алардын өмүрлөрүнө коркунуч жаралганын билдирди. 15-октябрда жарык көргөн баяндамада укук коргоочулар жай тургундар жашаган райондорго абадан жана жерден туш келди сокку урулганын, муну согуш кылмышына жана адамзатка каршы согушка теңесе болорун белгилешти.

Баяндамадагы маалыматка ылайык, былтыркы апрелден быйылкы март айына чейин ооруканаларга, мектептерге, базарларга урулган соккулардан жүздөгөн карапайым киши курман болду.

Орусия 2015-жылы Сириядагы кагылышууга кийлигише баштагандан бери президент Башар Асаддын күчтөрү козголоңчуларга тарттырып жиберген көпчүлүк аймактарды кайтарууга жетишти.