ЧЫҢГЫЗ АЙДАРБЕКОВ КОНТРАБАНДА МЕНЕН КАРМАЛГАНБЫ?

318

Тышкы иштер министри болуп бир жарым жылдай иштеген Чыңгыз Айдарбеков Садыр Жапаров түзгөн өкмөттүн курамына кирбей калган себеби белгилүү болуп калды. Көрсө, бул “дипломатмын” деп сулууланган жигит жаш кезинде Айдарбеков эмей эле Эгембердиев болуп, Түркмөнстанда гана эмес Өзбекстанда дагы сигарет ташып контрабанда менен кармалып, ал өлкөлөрдөн биздин мамлекетке расмий ноталар келип, чоң чыр чыкканы кандай? Аз убакыт өтпөй эле бул Эгембердиев (түбү нарындык деп уктук), таенесинин атасы Иманалы Айдарбековдун фамилиясына катталып, чүйлүк боло калганбы?..

Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште спикер болуп турганда Сапар Исаковдун жардамы менен ал жерге эл аралык бөлүмдүн башчысы болуп орношот. Анан аз өтпөй эле Сооронбай Жээнбековдун тышкы иштер министри болуп дайындалып калат. (Көрсө, ал былыгын жашырып жүрүптүр да.) Чет өлкөлөргө мурун болуп көрбөгөндөй командировкаларга чыгып, айына жыйырма күн четте жүрсө, айлыгынын үстүнө алты миң еврого чейин командировочный алган учурлары болгонбу? Кесиптештери “Чыңгыз Айдарбеков өткөн пандемияда Москвадан оору жугузуп алып, үйүндө дарыланбай, өзүнүн кабинетинде жатып алып, баардык коллективге жугузду” деп айтышууда. Белгилүү болгондой, ТИМдин бир канча кызматкерлеринин ата-энеси кайтыш болуп, дагы бир жапжаш кызматкеринин да көзү өтүп кетти. Бул фактылардын баарын атайын кызматтар мамлекет башчысына тапшырып, ал аргасыздан жаңы өкмөткө көрсөткөндөн баш тартканы айтылууда. Ошентип, Жээнбековдор менен бирге “жалт” деп жанган Айдарбеков-Эгембердиевдин жылдызы алар менен биротоло өчөт бекен?..

“Азия Ньюс” гезити